Turmush — Ош шаарында жарандарды түнкүсүн коркутуп, акча жана баалуу буюмдарын тартып алып жүргөн шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Ош шаарынын ички иштер башкармалыгына Ош шаарынын тургуну — 2007-жылы туулган А.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Арызында белгисиз жарандар миздүү буюм менен коркутуп, акча каражатын жана уюлдук телефонун тартып алып кеткендигин билдирген.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренесинин 3-бөлүгү (алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан тоноо) менен кылмыш иши козголгон. Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасында 2026-жылдын 12-мартында Ош ШИИБдин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы тарабынан кылмышка шектүү жарандар кармалды.
Тергөөдө аныкталгандай, 2026-жылдын 8-март күнү түнкүсүн Ош шаарынын У.Салиева көчөсүндө жайгашкан автоунаа жуучу жайдын жанында Д.Ш., У.Б., З.Х. жана А.С. аттуу жарандар арыз ээси А.А.га карата миздүү бычак колдонуп коркутушуп, аны сабап, денесине жаракат келтиришкен. Андан соң жабырлануучуну өздөрү башкарып келген автоунаага салып, шаардын башка аймагына алып барып, 45 000 сом накталай акчасын жана «Айфон 15» үлгүсүндөгү уюлдук телефонун тартып алышкан.
Мындан тышкары, алар жабырлануучуну видеого тартып, эгерде укук коргоо органдарына арыз менен кайрылса, социалдык тармактарга чыгарабыз деп коркутуп, кийинчерээк көчөгө таштап кетишкен.
2026-жылдын 12-март күнү шектүүлөр шаар аймагынан качып кетүүгө аракет кылып жаткан учурда Ош ШИИБдин экстремизмге, мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын ыкчам кызматкерлери жана атайын отряддын колдоосу менен кармалды.
Жогорудагы факты боюнча үч жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Кармалган шектүүлөр:
- Ош облусунун Кара-Суу районунун 1994-жылы туулган тургуну Д.Ш.;
- Ош шаарынын 2005-жылы туулган тургуну У.Б.;
- Ош шаарынын 2002-жылы туулган тургуну З.Х.
Учурда кармалган жарандардын ушул сыяктуу башка кылмыштарга тиешеси бар же жок экендиги текшерилүүдө.
Ош шаарынын ички иштер башкармалыгы аталган жарандардын аракеттеринен жабыр тарткан башка жарандар болсо, 0554 90 00 44 же 102 номурлары аркылуу кайрылууга чакырат.