Turmush — Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында болжол менен 110 жыл мурун курулган имарат бар экенин аймактык кабарчы билдирди.
Имарат Орозов көчөсүндөгү №9 даректе жайгашкан.
Жергиликтүү тургундардын айтымында, бул имаратты 1916-жылы Петухов аттуу соодагер курган. Ал жерде кездемелер сатылган алгачкы дүкөн ачылган. Ал кездемелер Улуу Жибек жолу аркылуу алынып келинген.
Бүгүнкү күндө бул имаратта ломбард жайгашкан.
Кызматкерлердин айтымында, буга чейин имараттын жер төлөсүнөн падышалык доордогу векселдер (белгилүү срокто белгиленген суммадагы акчаны төлөө жөнүндө кагаз жүзүндө берилген карыздык милдеттенме) табылган.