Turmush — Бишкек—Ош унаа жолуна түшкɵн кар кɵчкү бүгүн, 11-мартта саат 11:30да толугу менен тазаланып, эки тараптуу каттам камсыздалды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, учурда «Арал» постунан киргизилген оор жүк ташуучу унааларга болгон чектөө күчүндө.
Бүгүн, 11-мартта таңкы саат 06:50дө Бишкек—Ош унаа жолунун 224 чакырымындагы Ала-Бел ашуусунда кар кɵчкү түшкɵн. Бардык автоунаалар үчүн каттам убактылуу эки тараптуу жабылган.
Жеринде № 23 жол тейлɵɵ ишканасы тарабынан ыкчам түрдɵ керектүү техникалар тартылып, тазалоо иштери жүргүзүлдү.