Turmush — Улуу класстын окуучулары автобустун жанында жарышып чуркашса, кичинекейлер болсо анын ичинде жайбаракат бара жатышкан. Бул видеону айыл активисти Нуржигит Мамбеталиев социалдык тармактарга жарыялады.
Эми Токтогул районунун Үч-Терек айыл аймагына караштуу Такталык айылынын балдары үчүн мектепке баруу кыйла жеңилдеди. Аларга атайын автобус бөлүнүп, окуучулар эми узак жолдо жөө жүрбөй калышты.
- Учурда Такталык айылында 0-класстан 11-класска чейин жалпы 39 окуучу бар.
Кыргызстан менен «Евразия» автономиялуу коммерциялык эмес уюмунун ортосундагы келишимдин алкагында 2024-жылдын декабрь айында Такталык айылына автобус жеткирилген. Алгач автобусту айыл башчысы Бейшенбек Жусупов өзү айдап жүрсө, быйыл сентябрь айынан тарта туруктуу айдоочу иштеп жатат.
Автобус күнүнө үч жолу каттайт:
- эртең менен балдарды мектепке жеткирет;
- түшкө маал экинчи нөөмөттө окугандарды алып барып, ошол эле учурда эртең мененки окуучуларды кайра алып келет;
- кечинде экинчи нөөмөттө окугандарды айылга жеткирип келет.
«Азыр балдар үчүн абдан ыңгайлуу шарт түзүлдү. Эң негизгиси — алардын күч-энергиясы жолго эмес, билим алууга жумшалууда», — деди айыл активисти Нуржигит Мамбеталиев.