Turmush — Токтогул районунун Кызыл-Ураан айылында ири аянттагы куураган чөп өрттөнүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 24-мартта ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, кырсык айылдын Орток тоосунда болгон. Анын кесепетинен 35 гектар аянттагы куураган чөп күйүп кетти. Учурда өрттүн себеби такталууда.