Turmush — Чүй облусунун Токмок шаарында салмагы 5 килограммдан ашкан ымыркай төрөлдү. Бул тууралуу Turmush басылмасына мэриядан билдиришти.
Маалыматка караганда, 2026-жылдын 13-мартында саат 14:00дө Токмок шаарынын тургуну Сулкарбекова Элизат Сапаркуловна уул төрөдү. Ымыркайдын салмагы — 5 килограмм 100 грамм, бою — 55 см.
Токмок шаарынын мэринин орун басары Жаркынай Абышева эне менен наристени куттуктап, шаардык мэриянын атынан акчалай белек тапшырды.