Turmush —
Абдулхак Жамилов Лейлек районунда аксакалдар кеңешинин төрагасы болуп шайланды.
Маалым болгондой, ал 1960-жылы Лейлек районунун Коргон айылында төрөлгөн. Жогорку билимдүү педагог. Буга чейин мугалим болуп иштеген. Кийин айыл өкмөттүн башчысы, Лейлек райондук мамлекеттик администрациясында бөлүм башчы, Раззаков шаарынынын вице-мэри, Лейлек райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы кызматын аркалап келген.
Эмгек жолу:
1981–1982-жж – кадрлар бөлүмүнүн инспектору, Лейлек райондук керектөөчүлөр союзу.
1982–1985-жж – орус тили жана адабияты мугалими, Ф.Э. Дзержинский атындагы орто мектеп.
1985–1986-жж – НВП мугалими, Кара-Суу орто мектеби.
1986–1987-жж – орус тили жана адабияты мугалими, Ак-Терек орто мектеби.
1987–1991-жж – орус тили жана адабияты мугалими, Ф.Э. Дзержинский атындагы орто мектеп.
1991-жж – НВП жана орус тили боюнча методист, Лейлек райондук билим берүү бөлүмү.
1991–1997-жж – орус тили жана адабияты мугалими, К. Сабыров атындагы орто мектеп.
1997–1999-жж – завуч, кийин мектеп директору, К. Сабыров атындагы орто мектеп.
1999–2000-жж – Лейлек айыл өкмөтүнүн башчысы.
2000–2007-жж – Ю.А. Гагарин атындагы орто мектептин директору.
2007-жылы – Исфана шаарынын вице-мэри.
2007–2010-жж – Ю.А. Гагарин атындагы орто мектептин директору.
2010–2016-жж – Лейлек райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы.
2016–2023-жж – социалдык маселелер боюнча башкы адис, Лейлек райондук мамлекеттик администрациясы.
2023-жылдан азыркы убакытка чейин орус тили мугалими, «Баластан» балдарга кошумча билим берүү борбору.