Turmush — Бүгүн, 13-мартта Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ысык-Көл облусуна болгон жумуш сапарын Түп районунда улантты. Анын алкагында Түп райондук ооруканасынын абалы жана оңдоп-түзөөдөн өткөн В.Кайкин атындагы жалпы билим берүү мектеби менен таанышты.
Иш сапардын жүрүшүндө саламаттыкты сактоо министри Д. Осмонов оорукананын азыркы абалы тууралуу маалымат берди.
Анын айтымында, Түп аймактык ооруканасы 14 корпустан турат. Алардын ичинен 8и авариялык абалда деген корутунду чыгарылган. Ошондой эле 3 корпуста иш процесси токтотулган. Алдыда 4 кабаттуу жаңы бейтапкана куруу тапшырмасы берилди.
Мындан соң иш сапар Түп айылындагы оңдоп-түзөөдөн өткөн В.Кайкин атындагы жалпы билим берүү мектебинде уланды. Ал жерде төрага Адылбек Касымалиев мектептин абалы менен таанышты.
Маалыматка ылайык, В.Кайкин атындагы жалпы билим берүү мектеби 1975-жылы курулган. Ошондон бери имарат капиталдык оңдоодон өткөн эмес. Ал эми 2024-жылдын жай айларында реконструкция иштери башталып, 2026-жылы толук аяктаган.
Мектеп 850 орунга ылайыкталган. Учурда анда 1404 окуучу заманбап шартта билим алып жатат.