Turmush — Кара-Балта шаарынын тургундары тик учактын бир аз гана бийиктикте учуп өткөнүнө күбө болушту.
Алардын айтымында, калаанын ар кайсы жеринде тик учак төмөнкү бийиктикте учуп жүргөн. Мындай көрүнүштү алар 20 жыл ичинде биринчи жолу көрүп жатышат.
«Кыргызстандын 40 жылдыгы көчөсү боюнча тик учак 5 кабаттуу үйдүн бийиктигинде учкан», - деди алар.
Райондук Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бөлүмүнөн тик учак тууралуу маалыматтары жоктугун билдиришти.
Кара-Балтанын тургундары муну коммерциялык учуу болушу мүмкүн деп божомолдоп жатышат. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жеке жана юридикалык жактарга коммерциялык негизде тик учакты ижарага берүү кызматтарын көрсөтөт.
Тарифтер аба кемесинин моделине жараша болот. Мисалы, «Airbus H-125» тик учагында 1 сааттык учуунун баасы 157 миң 662 сомду, «Airbus H-145» тик учагында 262 миң 770 сомду түзөт. Ошондой эле, чоң топторду ташуу үчүн колдонулган «Ми-8МТВ» оор транспорттук тик учагын да ижарага алса болот. Анын акысы болжол менен 2300 доллар.