Turmush — Бишкек шаарынын тургуну Жылдыз Тыналиева шаардыктар үчүн адаттан тыш болгон иш менен алектенет. Адатта айыл жергесинде багылып, машыктырылчу тайгандарды ал шаардагы жер үйүндө багып, үйрөтүп, ар кандай мергенчилердин сынактарына жана фестивалдарга катышып келет. Аймактык кабарчы Жылдыз айым менен таанышты.
«Мен үй-бүлөлүүмүн, 4 балам бар. Экөө чоң, экөө кичинекей. Азыр мага эки кичинекей кызым жардам берип жатат. Алар мени менен чогуу машыгууга барып, мен бир жакка кеткенде иттерди карап, багып турушат. Улуу балдарым болсо мүмкүнчүлүгүнө жараша каржылык жактан жардам беришет.
Өзүм бала кезимден эле жаныбарларга жакынмын. Ат мингенди жакшы көрчүмүн. Ошондой эле овчарка иттер жагчу. Аларды даярдап, машыктырууну каалачумун. Ал эми тайгандарды мурда көрчүмүн, бирок катардагы эле ит катары көп маани берген эмесмин.
Бир күнү уулумдун досу тайгандын күчүгүн сатып алыптыр. Ошол күчүктүн сүрөтүн анын телефонунан кокустан көрүп калдым. Абдан жакты. Арадан бир жылдай убакыт өткөндөн кийин мага бир ой келди: Швейцария, Япония, Сибирь жана башка өлкөлөрдүн иттерин багабыз, эмне үчүн өзүбүздүн абориген, уникалдуу, улуттук иттерибизди бакпайбыз? Билесиңерби, тайгандар абдан кооз жана мергенчи иттер. Ошол эле учурда жоголуп бара жаткан порода катары да айтылып жүрөт.
Ошентип, уулумдун досунан тайгандын күчүгүн кимден алганын, ал киши кайда жашаарын сурадым. Кыскасы, тайган сатып алуу үчүн 3 ай издедим. Акыры социалдык тармактар аркылуу ошол күчүктүн ээсин таап, жаздым. Бирок ал көпкө чейин жооп берген жок. Бир күнү “макул, сатам” деп жооп берип калды.
Мен “боз” түстөгү тайганды жактырып, буйрутма бердим. Бирок ал андай тайган өтө сейрек экенин, табуу мүмкүн эмес экенин айтты. Ошондон кийин тайгандарды багып, канын жаңылап, сактап келе жаткан заводчиктердин бири Майрамбек Асаниевди таап байланыштым. Ал өзүнүн эң мыкты, кооз тайгандарын көрсөттү. Ошондо кызыгуум ого бетер күчөдү. Акыры уулум тайгандын күчүгүн сатып алып, мага белек кылды. Атын Барбаян деп койдук», — деди ал.
Жылдыз айым кыргыз тайгандарын багып, бул иш менен 3 жылдан бери алектенип келет.
«Менин ата-тегимде да, үй-бүлөмдө да мергенчи же мергенчиликке байланыштуу жаныбарларды баккан адамдар болгон эмес. Чабан да болгон эмес. Бирок эмнегедир мага жаныбарлар дүйнөсү жагат. Үй-бүлөм да, өзүм да медицина кызматкери болгонбуз. Кийин өзүм ал тармактан кеттим.
Башында Барбаян деген эле тайган күчүгүм бар болчу. Бир аздан кийин экинчи тайганымды алдым. Анткени тайгандар жуп болуп жүрүшү керек экен. Алар көп сандаган иттер менен ойноп, ошолор менен чогуу жүрүшү зарыл. Табиятынан тайган жалгыздыкты жактырбайт. Жалгыз тайган дайыма ээсине ыктап келе берет. Ал эми экөө болсо, бири-бири менен кубалашып, ойноп, ары-бери чуркашат. Жалгыз тайган кээде чуркабай да коёт. Албетте, чуркап, ойногон тайган күчтүү болот.
Кийин Кыргызстандагы мыкты мергенчилердин бири Мунарбектен дагы бир тайган алдым. Учурда менин короомдо Барбаян, Аян, Айкуш жана башкалар болуп жалпысынан 7 итим бар. Анын бешөө тайган, бирөө лайка, бирөө бельгиялык овчарка.
Эл аралык уюмдун алдында иттер боюнча питомник уюштурдук. Ал жакка эл аралык эксперттер келет. Биз ар бир экспертке итибизди көрсөтөбүз. Эгер үчөө тең жогорку баа берсе, анда титул ыйгарылат. Акыркы жылдары өлкөбүздө титул алган тайгандар көбөйдү», — деди ал.
Мергенчи айым шаардык жана айылдык тайгандар тууралуу да айтып берди.
«Менин тайгандарым — шаардык тайгандар. Ошондуктан аларды күн сайын алып чыгып, машыктыруу кыйын. Айылда болсо тайгандарга жеңил. Алар короодо же айыл четиндеги талаада чуркап машыкса болот. Ат минип алып, тайганды ээрчитип талаа-түздү, тоолорду кыдырып машыктырууга мүмкүн. Жол катар аң улап да келишет.
Ал эми шаарда көчөгө чыксаң, унаа сүзүп кетиши мүмкүн же кимдир бирөө уурдап кетиши ыктымал. Тайгандар кең талаада чуркап машыгышы керек. Бирок шаардык тайгандардын дагы бир жакшы жагы бар. Алар унаадан да, элдин көптүгүнөн да коркуп, чочубайт. Шаардын ызы-чуусуна көнүп калышат.
Ошентсе да биз аларды шаар ичинде көп алып жүрбөйбүз. Шаардын четиндеги талааларга, тоолорго алып барып, сейилдетип, чуркатып келебиз. Тайгандарды сейилдетип жүрсөң, кээ бир шаардыктар бул кыргыздын ити экенин билишпейт. Орус борзою же башка породанын ити деп ойлошот», — деди ал.
Жылдыз айым кыргыз тайгандары башка породалуу иттерде жок сапаттарга ээ экенин да белгиледи.
«Мен бир канча породанын иттерин баккам, азыр деле бар. Бирок ошолордон айырмаланып, мындай абориген иттер чыдамкайлыгы боюнча эң биринчи орунда турат деп баса белгилегим келет. Муну салыштырып болбойт.
Биз 4-5 айлык күчүк тайгандарды машыгууга алып чыгабыз. Алар бир сутка бою тыным албай чуркап, басып, ээсинен калбай ээрчип жүрө берет. Алар чарчаганын билгизбейт. Башка породалардагы иттер мынчалык чыдабайт. Муну мен практика жүзүндө көргөм. Айрыкча башка породалардын күчүктөрү мындай бир суткалык жүрүшкө чыдабай, өлүп да калышы мүмкүн.
Абориген ит — жапайы жаныбарга окшош, бирок үйгө үйрөтүлгөн жаныбар. Албетте, шамалдан, жамгырдан коргогондой шарт түзүп беребиз, бирок алар катаал шартта деле жата беришет. Бороон улуп, кар жаап, сыз өткөн кыштын суугунда да булар сутка бою талаада жүрө алат.
Аңчылыкка чыксаң, кармаган олжосун жеп салбай, ээсине алып келип берет. Ошондой эле абдан акылдуу. Биздин улут сыяктуу эле намыскөй келишет. Овчаркадай болуп “отур”, “тур” деп буйрук берсең эле баш ийе бербейт. Балким күчүк кезинен жакшы үйрөтсө болоттур, бирок аны да дароо жасап, буйрукту заматта аткара калбайт. Кааласа жасайт, каалабаса жасабайт.
Бул — байыркы, жоголуп бара жаткан порода. Биз кыргыз тайгандарын сактап калышыбыз керек. Байкап көрсөңүз, тайгандар семирип кетпейт. Алар жөнү жок адамды айланып, тынчын алып чуркай бербейт. Чуркай турган жерге барганда гана, адамдарга тоскоол болбой чуркайт. Өтө сабырдуу болушат. Ошондуктан көп кабаттуу үйдүн батиринде да баккандар бар», — деди ал.
Каарманыбыз тайгандарынын акылдуулугун бир окуя менен айтып берди.
«Барбаян деген итим үйдөгү бардык эшикти ачып, кайра жаап коё алат. Ошондуктан дарбазаны сөзсүз ачкыч менен бекитип кетебиз. Жөн гана илгичин илип кетсең, аны оңой эле ачып алат.
Бир жолу башка итти ээрчитип сейилдеп кеткем. Үйгө келсем, ачкыч менен дарбазаны ачайын десем ачылбайт. Көрсө, Барбаян ичинен илгичти салып коюптур. Тосмо дубалыбыз бийик болгондуктан, ары жагынан секирип түшө албайбыз.
Анан мен Барбаянга: “Эшикти ачып койчу, биз кире албай жатабыз. Эгер кирбесек, сен короодо жалгыз каласың, а биз сыртта калабыз” десем, дарбазанын илгич жагынан акырын эле үн угулду. Бирок темирге темир тийишкен катуу дабыш чыккан жок. Дарбазаны акырын тартып көрсөм, ачылып кетти. Алдыбызда Барбаян туруптур. Ушунчалык эптүү, ушунчалык жумшак кыймыл менен, эч үн чыгарбай ачып койгонуна аябай таң калгам. Ал тургай унаанын эшигин да ачып, кишидей болуп кирип отуруп алат.
Иттерим күчүк кезинде Алмаз Акун мелдештерге, көргөзмөлөргө чакырып калды. Ал кезде мен “Салбурун” деген уюм бар экенин билчү эмесмин. Кийин бир жолу Алмаз Акун менен жолугуп калдым. Ал: “Сен эмнеге тайгандарыңды алып келбей жүрөсүң?” деп калды.
Алмаз байкеге чоң рахмат. Ал тайганчылардын башын бириктирүүгө абдан аракет кылды. Тайгандарымды машыктыруу үчүн мага чөөнүн терисин белек кылды. Ошентип мелдешке барып калдык. Бирок менин тайгандарым мындай мелдешке мурда катышып көргөн эмес. Мен да эч кимди тааныбайм, тайгандарым да мындай жерге биринчи жолу келишти. Анан аларга алгачкы жолу тумшук кап (намордник) тагышты. “Иттерим тумшук кап менен кантип чуркайт?” деп ойлогом. Бирок элестетиңиз, ошончо тайгандын ичинен менин тайганым чөөнүн терисин биринчи тиштеп, эч кимге жеткирбей чуркап кетти.
Мага сынак абдан жакты. Катышуучулар, ошол жердеги аура аябай жагымдуу болду. Ал жерден тайгандардан тышкары бүркүттөрдү да көрдүк. Ар кандай мелдештерди көрдүк. Мергенчилер, саяпкерлер, бүркүтчүлөр, тайганчылар кантип машыгарын көрдүк. Мындан сырткары ат үстүндө жаа аткан көрүнүштөрдү көрүп, аябай ырахат алдым.
Ушунун баарын уюштургандарга абдан ыраазымын. Биз майрамга келгендей эле барып келебиз. Дээрлик бекер катышабыз. Ар бир тайганчынын жашаган жериндеги акимият, мэрия, айыл өкмөттөр барып-келүүгө каражат жагынан жардам беришет. Ал акчага унаага бензин куюп, башка керектүү нерселерди алабыз. Мени Бишкек шаарынын мэриясы дайыма колдоп турат.
Бул спортко өкмөт мындан да жакшы көңүл буруп, жардам берсе дейм. Анткени тайганчы, бүркүтчү адамдардын баары эле бай эмес. Кызыккандар, шыгы барлар көп, бирок каражаттын жоктугунан бара албай калгандар да бар.
Ошол сынактан кийин кызыгуум ого бетер күчөп, ошондон бери калтырбай катышып келем. Чүйдө “Мерген фест” деген иш-чара өтүп турат. Ал жакка да катышып, тайгандарым алдыңкы орундарды алып жүрүшөт. Казакстанга чейин бардык. Ал жакта да абдан сонун иш-чаралар өтөт.
Жакында эле Чүйдө дагы “Мерген-Фест” болду. Уюштуруучу Таалай Шүкүровго рахмат. Ар бир тайганды өз-өзүнчө жынысына, жаш курагына карап бөлүп жарыштырды. Чоң, күчтүү карышкырды алып келишти. Ошого ар бирибиздин тайганыбыз бирден күрөшкө чыгышты. Бул жерде тайгандын артка кайрыла турган жери жок. Ал же жакшы жыйынтык көрсөтүшү керек, же жеңилиши керек.
Ошондо менин тайганым 1-орунду алды. Ал карышкырдан алыс кеткен жок, дайыма каршылык көрсөтүп, бир канча жолу тиштеп да алды. Албетте, карышкыр менен алыша турган меникинен да мыкты, күчтүү, тажрыйбалуу тайгандар бар. Биздин тайган да ошолорго жетсе деп аракет кылып келем», — деди ал.