Бөлүмдөр
Жума, 6-декабрь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 18.11.2019 16:15

Токтогулда жол кырсыктардын курмандыктары эскерилди

Turmush -  Токтогул районунда кечээ, 17-ноябрда жол кырсыктардан каза болгон адамдар эскерилди. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин ЖККК бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, Бүткүл дүйнөлүк жол кырсыгынан каза болгондорду эскерүү күнүнө карата Токтогул шаарында ЖККК бөлүмүнүн кызматкерлери жаш инспекторлор менен биргеликте эскерүү маршын уюштурушту.

Мындан тышкары, Ош—Бишкек унаа жолунун Токтогул районунун аймагында жайгашкан «Арал» стационардык постунда айдоочулар менен бирге бир мүнөттүк эскерүү болуп, андан кийин жол кырсыктарын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

2005-жылдын октябрында БУУнун Башкы ассамблеясы ноябрь айынын үчүнчү жекшембисин Бүткүл дүйнөлүк жол кырсыгында курман болгондорду эскерүү күнү катары белгилөө чечимин кабыл алган. Бул күнгө карата дүйнөдөгү көптөгөн мамлекеттерде жол кырсыктарын алдын алууга, бөгөт коюуга чакырган иш-чаралар өткөрүлүп келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×