Бөлүмдөр
Жума, 6-декабрь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 09.11.2019 10:43 На русском

Сүрөт — Бир күндө үйлөнгөн эгиз жигиттерди жубайлары кантип айырмалайт?

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна караштуу Толук айылында төрөлгөн эгиздер Бекмат менен Досмат Урматбековдордун үйлөнүү үлпөт тою бир күндө өттү. Жаңы гана үй-бүлө курган 21 жаштагы эгиздер менен Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы таанышты.

Досмат Урматбековдун айтымында, ата-энеси, бир туугандары аларды бир күндө үйлөнтсөк деп кыялданышчу.

«Апамдын айтуусу боюнча, Бекмат менден 10 мүнөткө эрте төрөлгөн. Ал 3,1 кг, мен 3 кг салмакта төрөлүптүрбүз. Бекмат ачык-айрым, шайыр болсо, мен бир аз токтоо жана оор басырыктуумун. 8-класска чейин Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер айылындагы орто мектепте окудук. Андан кийин Шералы Сыдыков атындагы олимпиадалык резерв окуу жайына кирдик. Ал жерде 4 жыл билим алдык.

Ата-энем, бир туугандарыбыз биздин үйлөнүү тойду бир күндө өткөрсөк деп кыялданышчу экен. Бекмат экөөбүз дагы ошону тилек кылчубуз. Тилегибиз орундалып, үлпөт тоюбузду бир күндө өткөрдүк», - дейт Досмат.

Анын айтымында, үйлөнүү той ушул жылдын 1-ноябрында Бишкек шаарындагы ресторандардын биринде өттү.

«Менин келинчегим Асел Кудайбергенова 1999-жылы Бишкек шаарында төрөлгөн. Ал эми Бекматтын келинчеги Эсенбек кызы Канышай Токтогул районунун Торкен айылында 1999-жылы төрөлгөн. Мен Асел менен дүкөндөн таанышкам. Ал ата-энесине жардам берип, ошол жерде иштечү. Бекмат Канышай менен жумуш аркылуу таанышыптыр.

Биздин үйлөнүү тоюбуз борбордогу ресторандардын биринде өттү. Үйгө келиндерди алып келгенде экөөнү эки башка көшөгөгө отургузушту. Андан кийин үйлөнүү тойду бир күндө өткөрдүк.

Учурда Бишкек шаарында жашап жатабыз. Келинчектерибиз бизди айырмалап жатышат. Менин бетимде калым бар, Бекматтын бетинде калы жок.

Бекмат экөөбүз тигүү цех иштетебиз. Мындан тышкары спорт менен машыгып, көптөгөн ийгиликке жетиштик. Келечекте көп балалуу болуп, элге жана мекенге кызмат кылган балдарды тарбияласак дейбиз. Ошондой эле ата-энебизге кызмат кылып, алардын ыраазычылыгын алуу биздин максатыбыз», - деди Досмат.

Алар үй-бүлөдө алты бир туугандын (үч кыз, үч эркек) кичүүсү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×