Бөлүмдөр
Жума, 6-декабрь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 25.10.2019 14:03

Токтогулда прокуратура кызматкерлери карылар үйүнөн кабар алышты (сүрөт)

Turmush -  Токтогул райондук прокуратурасынын жамааты «Кара-Каш» карылар үйүндө болушту. Райондук прокуратуранын жамааты карылар үйүнө жардам катары азык-түлүктөрдү жана гигиеналык каражаттарды тапшырган.

Мындай иштер прокуратура органдарынын түзүлгөндүгүнүн 95 жылдыгына карата уюштурулуп, анда кызматкерлер мекеменин өкүлдөрүнө жана карыяларга аларды кызыктырган маселелер боюнча кеңеш беришти.

Мындан тышкары Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын чечими менен прокуратура органдарынын ардагери А.Кадыралиевге «Токтогул районунун ардактуу атуулу» наамы ыйгарылды.

Токтогул районунун прокуратурасы тарабынан ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын укугун коргоо боюнча иштер жүргүзүлүп келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×