Бөлүмдөр
Жума, 6-декабрь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 27.09.2019 13:04 На русском

Ош—Бишкек жолунда АКШнын эки жараны баңгизат менен кармалды

Turmush -  Ош—Бишкек унаа жолунда АКШнын эки жараны баңгизат менен кармалды. Бул маалыматты Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы тастыктады.

Маалым болгондой, 19-сентябрь күнү Ош—Бишкек жолунун 272-чакырымындагы Чычкан постунда «Хонда-Одиссей» үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Анын ичиндеги АКШнын эки жаранынан 1 килограммдан ашык марихуана табылган.

«Текшерүүдө кармалгандардын бири баңгизат ага тиешелүү экенин мойнуна алган. Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, баңгизатты мыйзамсыз алып жүрүү жана сактоо беренеси менен кылмыш иши козголгон. Шектүүлөр Токтогул РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүүдө», - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Шектүүлөр Аксы районундагы мектептердин биринде ыктыярчы болуп иштегени аныкталган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×