Бөлүмдөр
Жума, 6-декабрь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 21.09.2019 13:50

Бишкек—Ош жолунда жүк ташуучу унаа менен жеңил унаа кагышты (сүрөт)

Turmush -  Бишкек—Ош жолунда жол кырсык катталды, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, жол кырсык 21-сентябрда саат 12:40 чамасында Бишкек—Ош жолунун 294-чакырымында, тактап айтканда Токтогул районунун аймагында болгон. Анда «Субару» үлгүсүндөгү жеңил унаа менен «ДАФ» үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа кагышкан.

Күбөлөрдүн айтымында, Бишкекти көздөй бара жаткан жеңил унаанын айдоочусу уктап кеткен. Кырсыктын кесепетинен 1 адам жабыркады.

Кырсык болгон жерге тез жардам кызматы чакырылган. Жүк ташуучу унаанын айдоочусу жабыркаган эмес.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×