Бишкек—Ош унаа жолунда кичи автобус оодарылып кетти. Сүрөт
Turmush - Бишкек—Ош унаа жолунда кичи автобус оодарылып кетти, деп билдирет ӨКМдин басма сөз кызматы.
Маалыматка караганда, жол кырсык 1-сентябрда Бишкек—Ош унаа жолунун 254-255-чакырымында, тактап айтканда Токтогул районунун аймагында катталган. «Мерседес-Бенц Спринтер» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай, жолдон чыгып, оодарылып калган.
Куткаруучулар жеткенге чейин жабыркагандарды жолдогу унаалар менен ооруканага алып кетишкен. Окуя болгон жерде 5 куткаруучу жардам көрсөттү.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком