Бөлүмдөр
Жума, 6-декабрь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 01.08.2019 11:02 На русском

Нурболот Кожобергенов Токтогулдун акиминин 1-орун басары болуп дайындалды (өмүр баяны)

Нурболот Кожобергенов
Нурболот Кожобергенов

Turmush -  Кожобергенов Нурболот Калчороевич Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын 1-орун басары болуп дайындалды.

Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.

Акимдин орун басары 29-июль күнү акимиаттын жамаатына тааныштырылды.

Өмүр баяны

Аты-жөнү: Кожобергенов Нурболот Калчороевич

Туулган жылы: 1978-жыл

Туулган жери: Токтогул районунун Кара-Күңгөй айылы

Билими:

- Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин тарых факультетин аяктаган

Эмгек жолу:

- 1998-2000-жылдары — Токтогул районундагы В.И.Ленин атындагы орто мектепте тарых сабагынан мугалим;

- 2000-2008-жылдары — Токтогул районунун Кара-Күңгөй айылынын башчысы;

- 2008-2012-жылдары — Токтогул районунун Ак-Тектир айылындагы С.Нурмамбетов атындагы №16 мектептин директору;

- 2012-жылы Токтогул районунун Кара-Күңгөй айылындагы Т.Жаманкулов атындагы №17 мектептин директору;

Коомдук ишмердүүлүгү

- 1999-2004-жылдары — Чолпон-Ата айылдык кеңешинин депутаты;

- 2004-2008-жылдары — Чолпон-Ата айылдык кеңешинин депутаты;

- 2008-2012-жылдары — Токтогул райондук кеңешинин депутаты, Чолпон-Ата айылдык кеңешинин төрагасы;

- 2017-жылы - «Алтай» ишканасынын байкоочулар кеңешинин төрагасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×