Бөлүмдөр
Жума, 6-декабрь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 23.07.2019 10:10

Токтогулдун алыскы Сары-Камыш айылындагы ооруканасына автоунаа берилди

Turmush -  Жалал-Абад облусунун алыскы Сары-Камыш айыл аймагындагы ооруканага «Нива» үлгүсүндөгү унаа берилди, деп билдирет аймактык кабарчы.

Унааны тапшыруу иш-чарасына өкмөттүн өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев катышты.

Токтогул аймактык ооруканасынын жетекчиси Нуржамал Тешебаеванын айтымында, былтыркы жылы аймактык оорукананын эсебинен Сары-Камыш айылындагы оорукананын абалын жакшыртуу максатында унаа алынган.

«Унаа былтыркы жылы үнөмдөөдөн түшкөн тыйынга алынды. Тендер жарыяланып, баары мыйзам чегинде болду. Негизи филиалдын курулуп жаткан имаратынын ачылышында тапшырсакпы деген ой болгон, бирок айылды район борбору менен бириктирген жолдун ачыктыгы эске алынып, ушул мезгилде тапшырылды», - деди Н.Тешебаева.

Жаңы ооруканага жаңы керебет, матрас, шейшеп, стол, отургуч, муздаткыч сыяктуу жабдыктар алынып берилди. Андан сырткары, медициналык эмеректер, төрөт залы үчүн атайын керебет, медициналык калдыктарды утилдештирүү үчүн стерилизатор жана дары-дармектер жеткирилди.

Аймактык оорукананын Сары-Камыштагы филиалында 19 кызматкер эмгектенип, 2 миңге чукул калкты тейлейт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×