Бөлүмдөр
Жума, 6-декабрь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 20.07.2019 11:23 На русском

Алыскы Сары-Камыштагы курулуп бүткөн оорукананын сапатына тургундар нааразы. Видео

Turmush -  Токтогул районуна караштуу алыскы Сары-Камыш айылында пайдаланууга берүү алдында турган айылдык оорукананын имараты сапаттуу курулган эмес. Мындай пикирди айыл тургундары облус жетекчиси Кыянбек Сатыбалдиев баштаган жумушчу топ барган учурда айтышты.

Аймактык кабарчы маалымдагандай, элеттиктер жаңыдан бүткөрүлгөн имараттын пайдубалын тургузганда эле курулуш жакшы башталбаганын айтып, маселе көтөрүп келишет.

Алардын ырастоолорунда оорукананын дубалы көтөрүлбөй жатып, пайдубалынын үч жеринен жарака кетип, пайдубал менен жердин ажырымы пайда болгон. Ага карабастан имарат курулду. Анан дагы биринчи жылы кар оор жаагандыктан чатыры кыйшыйып, кайра түздөлдү. Эшиктердин сапаты да жакшы эмес.

«Биз алыс аймакта, оор шартта жашайбыз. Ырас мамлекет биздин саламаттыгыбызды ойлоп, каражат бөлүп жаткан соң, курулушту талаптагыдай бүткөрүп беришсин. Жарылган жерлерин жамап, сырткы көрүнүшүн кооздоп коюшту. Бизге сапаттуулугун карап бергиле», - дешти жергиликтүү тургундар өкмөттүн өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев баштаган жумушчу топ барган учурда.

Элеттиктердин дээрлиги жаңы имараттын пайдаланууга берилүүсүн колдобой жатышат. Ошондуктан алар өкүлгө оорукананын курулушу боюнча маселени кабыргасынан коюшту.

Жергиликтүү кеңештин депутаттары дагы курулуштун сапатсыз бүткөнү боюнча мисалдарды келтиришти.

«Имараттын курулушу мага дагы жаккан жок, биз бул жайды ача албайбыз. Сапаттуу кылып бүтөрүп берилсе кабыл алабыз. Бул объектти кабыл аларда жумушчу комиссияга кирген жетекчилер материалдык кызыкчылыкты көздөп, кол коё турушкан болсо, эртең жооп берет. «Алыскы айылга боло берет, эч ким келбейт» деген ойдон алыс болуп, бөлүнгөн каражатка азыркыдан да эң сонун имарат салса болмок. Акчаны көзөмөлдөй турган киши болгон эмес. Курулушчу жолдун узактыгын, жашоо шарттын катаалдыгын эске алып, өз эсебин чыгарып анан тендерге катышты. Билбей туруп эч ким тендерге катышпайт. Бир топ кемчиликтер көрүнүп турат, жоюлушу керек», - деди облустун жетекчиси.

Оорукананын имаратын салууга кеткен каражат Токтогул суу сактагычын курууда район элине компенсация төлөп берүү максатында түзүлгөн «Атайын эсеп» мамлекеттик ишканасы тарабынан бөлүнгөн.

Аталган мекеменин жетекчиси Таалайбек Чотоевдин пикиринде, бардык курулуш нормалар эске алынды. Тургундар айтып жаткан пайдубалдын сапаттуулугу боюнча Мамлекеттик курулуш компаниясынын корутундусу чыккан. Алардын көрсөтмөсү менен пайдубалы көтөрүлгөн, эч кандай кооптуулук жок. Эл ызы-чуу болбой эле турса болот. Курулуштун сапаты көзөмөлдөнүүдө.

«2014-жылы тендер жарыяланып, андан «Бек курулуш» ЖЧКсы утуп алган. Ал компания пайдубалын тургузуп, чатырын жапкандан кийин жолдун алыстыгын, катаалдыгын айтып толук бүткөрүүдөн баш тартып койду. Андан кийинки жумуштарды «Чоролор» ЖЧКсы бүтүрдү. Пайдубалы боюнча экспертизанын корутундусу бар, андан маселе көтөрүлбөсө деле болот. Башында Архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги арматура тартып, момундай бетон куясыңар деп көрсөтмө берген. Курулушчулар ошол көрсөтмө менен иш бүткөрүштү. Имарат салынып, чатыры көтөрүлгөн жылы кар оор жаагандыктан чатырлары кыйшайганы чын. Бирок кийин оңдоолор болду, үч жылдан бери жакшы эле турат. Анча-мынча кемчиликтер бар, аны бир айда оңдоп-түзөп, тапшырууга беребиз», - дейт Т.Чотоев.

2014-жылы оорукана куруу үчүн тендер өтүп, ага 3 фирма катышкан. Андан «Бек курулуш» ЖЧКсы 11 миллион 480 миң сом утуп алган. Ал жылы иш башталып, пайдубалы бүткөрүлгөн. Бирок талаптагыдай болбой калгандыктан пайдубалы бузулуп, экинчи жолу салынган.

Пайдубалын экинчи жолу куйганына карабастан анда да маселе жаралган, үч жеринен жарака кеткенин облустун мурунку жетекчиси Ж.Эгембердиева дагы көрүп, нааразы болгон жайы бар. Ал эми «Чоролор» ЖЧКсынын өкүлдөрү курулуш иштери тиешелүү нормаларга жооп берерин айтышты.

Буга чейин 18 койкага ылайыкташкан имаратты бүткөрүүгө алгач 11 миллион 480 миң сом бөлүнсө, долбоорго кирбей калган жумуштар үчүн кошумча 1,5 миллион сом бөлүнгөн.

Сары-Камыш айыл аймагы облустун борборунан 480, райондон 180 чакырым алыстыкта жайгашкан. 1500дөн ашуун калк бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×