Бөлүмдөр
Жума, 6-декабрь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 17.07.2019 14:01

Ак-Сууда эмгек мигранттардын балдарынын саны аныкталды

Turmush -  Ак-Суу районунда эмгек мигранттардын балдарынын санын тактоо иши жүрүп жатат. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Маалым болгондой, райондо 904 адам жумуш издеп, чет өлкөлөргө чыгып кеткен. Алардын үй-бүлөлөрүнөн 7 жашка чейинки 376 бала, мектеп жашындагы 937 окуучу чоң ата, чоң энелеринин, жакын туугандарынын колунда тарбияланып калышкан.

Алардын жашоо шарты менен таанышып, облустук деңгээлде түзүлгөн бирдиктүү базага каттоо жана тактоо иши 18-июлга чейин район аймагында жүрөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×