Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-январь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 09.01.2019 07:49 На русском

Бишкек—Ош жолундагы кырсыктан 3 адам жабыркады (сүрөт)

Turmush -  Бишкек—Ош унаа жолундагы кырсыктан кийин 3 адам ооруканага жеткирилди. Болжолдуу маалымат боюнча, унаа жолдун 248-чакырымында, тактап айтканда Чычкан капчыгайында эки унаа кагышкан.

Жол кырсыктын кесепетинен Жалал-Абад шаарынын 52 жаштагы тургуну Т.Н. (аял киши), Сузак районунун 35 жаштагы тургуну Т.А. жана Сокулук районунун 31 жаштагы тургуну (аял киши) Н.Н. жаркат алып, Токтогул райондук ооруканасына түшкөн. Алардын баш мээси чайкалып, баш сөөгүнөн жаракат алышкан. Жабырлануучуларга тиешелүү жардам көрсөтүлдү.

Учурда жол кырсык боюнча текшерүү иштери жүрүп жатат. Азырынча кырсыктын себеби белгисиз.

ДТП Чычкан

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×