Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-январь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 21.12.2018 14:09 На русском

Токтогулдун тургуну 3 литр банкага салынган баңгизатты короосуна көмүп койгон (фото)

Turmush -  Токтогул районунун Ничке-Сай айылында ири өлчөмдө баңгизат сактап жүргөн тургун кармалды.

Жалал-Абад ОИИБден маалымдалгандай, ИИМдин Баңгизаттарга каршы күрөшүү кызматынын облустук башкармалыгына оперативдүү маалыматтар түшкөн.

Аталган маалымат боюнча 19-декабрь күнү КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 246-беренесинин 4-бөлүмү (Башкага берүү максатын көздөбөстөн баңги каражаттарын же психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү) менен кылмыш иши козголгон.

«Ыкчам маалыматтан кийин ички иштер органдарынын тергөө тобу кечиктирилгис тинтүү ишин жүргүзүп, Ж.И жашаган үйдүн короосундагы сарайдын ичинен жерге көмүлгөн 1 даана 3 литр банканын ичинен 65 даана төрт бурчтуу формадагы кара-күрөң түстөгү салмагы 775 гр болгон гашиш баңгизаты табылган.

Шектүү буга чейин да КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 246-беренесинин 3-бөлүгү менен соттолуп, ага 20 миң айып пул салынган», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×