Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-январь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 13.11.2018 17:01

Токтогулда «Атайын эсеп» ишканасынын жооптуу адамдарына эки кылмыш иши козголду

Turmush -  Токтогул районундагы «Атайын эсеп» ишканасынын жооптуу адамдарына карата эки кылмыш иши козголуп, РИИБде дайындалган корутунду чыга электигине байланыштуу убактылуу токтоп турат.

Жалал-Абад облустук прокуратурадан алынган маалыматка караганда, «Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын атайын эсебинин каражаттарын башкаруу боюнча дирекция» мамлекеттик мекемесинин жооптуу кызмат адамдарына карата 2018-жыл ичинде Токтогул райондук прокуратурасы тарабынан 2 кылмыш иши козголгон. Тактап айтканда, иш Кылмыш-жаза кодексиндеги 304-306-берене жана 171-берене менен козголду.

«Тергөөнүн жүрүшүндө Токтогул РИИБдин тергөө кызматы тарабынан соттук-бухгалтердик, соттук-курулуш экспертизалар дайындалган. Алардын корутундулары чыга элек болгондуктан, кылмыш иштердин тергөөсү убактылуу токтотулган», - деп билдиришти облустук прокуратурадан.

1998-жылы Токтогул ГЭСинин курулушунан жана Токтогул суу сактагычынан келтирилген зыяндарды компенсациялоо үчүн «Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын атайын эсебинин каражаттарын башкаруу боюнча дирекция» мамлекеттик мекемеси түзүлгөн. Ошол жылдан бери акча каражаты бөлүнүп келет. Тактап айтканда, 1998-жылдан 2003-жылга чейин 16 миллион, 2003-2017-жылдар аралыгында 43 миллион сомдон акча каражаты бөлүнүп келсе, 2017-жылдан бери 70 миллион сом бөлүнүүдө. Бул каражаттын 70 пайызы ирригация тармагын жакшыртууга жумшалуусу керек.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×