Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-январь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 13.11.2018 08:51

«Чычкан» постунда оор жүк ташуучу унаалардын кыймылына чектөө киргизилди

Turmush -  Кечээ, 12-ноябрда Ош—Бишкек унаа жолунун 272-чакырымындагы «Чычкан» постунда оор жүк ташуучу жана чиркегичи бар унаалардын кыймылына чектөө киргизилди. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн инспектору Айбек Сатыбалдиев билдирди.

Анын айтымында, кечээ саат 16:00дөн баштап аба ырайынын кескин өзгөргөндүгүнөн улам Ала-Бел ашуусунда кар жаап, жол тайгак болуп калган. Ага байланыштуу унаалардын кыймылына чектөө киргизилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×