Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-январь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 16.10.2018 08:05 На русском

Москвадагы мушташта токтогулдук 19 жаштагы бала бычакталып мерт болду

Turmush -  13-октябрда Москвада болгон мушташтын кесепетинен Токтогул районунун 19 жаштагы тургуну Ж.А. каза тапты. Бул тууралуу өздүк булактар билдиришти.

Маалыматка караганда, мушташ түнкү саат 00:00 чамасында «Кузьминки» метросунда болгон. Жигиттердин ортосунда түшүнбөстүк чыгып, мушташ учурунда маркумду бычактап салышкан. Анын кесепетинен Ж.А оор жаракат алып, тез арада ооруканага жеткирилген. Бирок ал өзүнө келбей, 14-октябрда эртең мененки саат 07:30да каза болду.

Бычактоого шектелген жигит полиция тарабынан кармалып, кылмыш иш козголгон. Азыркы учурда мушташка катышкан балдарды, окуянын күбөлөрүн тергөө иштери жүрүп жатат. Каза болгон жигиттин денеси мекенине жөнөтүлөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×