Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-январь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 15.10.2018 18:39 На русском

Алайбек Мамыров Токтогул районунун прокурору болуп дайындалды

Turmush -  Мамыров Алайбек Өмүрзакович Токтогул районунун прокурору болуп дайындалды. Бул маалыматты Жалал-Абад облустук прокуратурасы тастыктады.

Маалым болгондой, тиешелүү буйрукка ушул жылдын 2-октябрында башкы прокурор кол койгон.

Ал буга чейин Башкы прокуратуранын коррупцияга каршы аракеттенүү жана мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө башкармалыгында улук прокурор болуп иштеп келген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×