Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-январь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 14.10.2018 08:56 На русском

Туруксуз аба ырайы: Бишкек–Ош жолунда оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди (сүрөт)

Turmush -  13-октябрда Жалал-Абад облусунун «Чычкан» стационардык постунда оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди.

ЖКККБнын маалыматына караганда, Бишкек–Ош унаажолунун Ала-Бел, Төө-Ашуу ашуу жолдорунда кардын калың жаагандыгына жана жолдун тайгактыгына байланыштуу Токтогул районундагы Арал айылында жайгашкан Жалал-Абад облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгына караштуу «Чычкан» стационардык постунда саат 21:00дөн баштап оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилген.

Азыркы учурда жолго туз аралаш кумдар себилип, техникалар улам жааган карларды тазалоодо.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×