Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-январь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 28.08.2018 13:04

Аксынын борборундагы жалгыз Токтогул атындагы эс алуу багы тосмолонууда (фото)

Turmush -  Аксы районунда Токтогул атындагы эс алуу багынын айланасы тосмолонууда. Кербен шаарынын мэри Нармат Эсеналиев билдиргендей, эс алуу жайын тосмолоого каражат бөлүндү.

«Токтогул атындагы эс алуу жайынын айланасын тосмолоо үчүн Кербен шаардык мэриясынан 350 миң сом бөлүндү. Эс алуу жайы союз учурунда курулган, бирок айланасы тосмолонгон эмес», - деди ал.

Буга чейин Кербен шаарындагы Токтогул эс алуу багына мал-жандыктар кирип жүргөндүгү айтылган. Бул эс алуу багы райондун борборундагы жалгыз бакча болуп эсептелет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×