Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-январь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 28.08.2018 09:33

Токтогулдагы мектептин башталгыч класстагы окуучулары кайрадан боз үйдө окушат

Turmush -  Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы Анарбек Ибраимов атындагы орто мектебинде окуу бөлмөлөр жетишсиз болгондуктан, жаңы окуу жылында кайрадан 3 боз үй тигилип, балдарга билим берилет. Мындай маалымат билим берүү тармагын талкуулаган облустук жыйында айтылып, боз үйлөр даяр экени маалымдалган.

Ал эми жергиликтүүлөрдүн ырастоолорунда, боз үйлөр азыркы күнгө чейин даярдала элек. Алар ӨКМ тарабынан чатыр күтүп жатышат.

Маалым болгондой, Анарбек Ибриамов атындагы орто мектептин имараты 1957-жылы ашар жолу менен пайдубалы жок эле курулган. Анын эскилиги жетип, кооптуулук жаралган абалга кептелген.

2015-жылы Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан имараттын жараксыз абалда экенин тастыктаган корутунду чыккан. Имараттын эскилиги жеткендиги эске алынып, 2010-жылы 120 орундуу мектеп курулуп, пайдаланууга берилген. Деген менен андагы жаңы имаратта спорт зал, ашкана, атайын бөлмөлөр эске алынган эмес. Бүгүнкү күнү андагы мектепке 684 окуучуну, 49 мугалимди батыруу мүмкүн эмес. Ошондуктан 5-11-класстын 365 окуучусу жаңы имаратта, башталгыч класста окуган 300гө жакын окуучу эскилиги жеткен жайда билим алып келишкен.

Быйылкы жылдын март айындагы жаан-чачында ансыз да араң оңдоп-түзөө менен билим берилип келген имараттын чатырынан суу өтүп, дубалдарынан жаракалар кетип, полдору түшүп, дубалы кыйшайып калган абалга жеткен. Мындай шартка кабатыр болгон балдардын ата-энелеринин нааразычылыктарынан улам 3 боз үй тигилип, эки ай балдар боз үйдө билим алышып, эс алууга тарап кетишкен. Эми жаңы окуу жылында кайрадан боз үй жаш балдарды күтүп алат.

Айыл аймактын башчысы Абдибек Бекишовдун айтымында, эртеңден тарта кайрадан боз үйдү орнотуу жумушу башталат.

«Ата-энелердин талаптарынан улам 2017-2018-окуу жылында окуучуларды жаңы мектептин имаратына жайгаштырган учурда да 25тен окуучусу бар эки класс батпай калган. Мындан улам айылда жакшылык-жамандыкка тигилген боз үйлөрдү сурап, убактылуу тигүүгө мажбур болгонбуз. Эки боз үйдө балдар билим алса, бир боз үйдө балдардын шашке тамагы уюштурулган болчу. Быйыл да элдин боз үйүн тигебиз.

Чатыр алалы деп тийиштүү тараптарга кайрылганбыз, азырынча маселе оң тарабына чечиле элек. Биз өз күчүбүздүн барынча колдон келген аракетибизди жасап жатабыз. 2010-жылы пайдаланууга берилген имаратка окуучуларды батырып окутуу мүмкүн эмес болууда. Бизге типтүү мектеп куруу зарылдыгы бар», - дейт А.Бекишов.

Айыл аймак башчысы имарат жаңыдан салынганына карабастан сапатсыз курулганын да баса белгиледи. Анткени имарат жаңыдан салынганына карабастан полдору ийилип, алмаштырууга туура келди.

«Былтыркы жылы жергиликтүү бюджеттен акча бөлүп, мектептин эки бөлмөсүнүн полдорун алмаштырдык. Быйыл 2 бөлмөнүн полу жараксыз абалга кептелгендиктен, мектепти салган компанияга кайрылып жатып, оңдотуп жатабыз. Имарат жер үлүшкө түшүп калгандыктан да бүгүнкү күнгө чейин көйгөй жаратып келет», - деди айыл өкмөт башчы.

Мындагы мектептин окуучуларын кыш мезгилде 3 нөөмөт менен окутуу пландалууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×