Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-январь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 22.08.2018 20:14 На русском

Сүрөт — Токтогулда жүгөрүнүн арасында кара куурай өстүргөн тургун кармалды

Turmush -  Токтогул районунда короосуна жана эгин талаасына эккен жүгөрүнүн арасында кара куурай өстүрүп жүргөн тургун кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, ал кара куурай көрүнүп калбашы үчүн баштарын жерге ийип, чөп менен байлап койгон. «Кара куурай» операциясынын алкагында Өзгөрүш аймактык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери Ничке-Сай айыл аймагынын тургуну үйүнүн короосундагы 10 сотых жерге өстүрүп жаткан жүгөрүлөрдү кароо учурунда арасынан атайын өстүрүлгөн жалпы салмагы болжол менен 222 кг кара куурай өсүмдүгүн табышкан.

«Короосунан сырткары Чоргочу айылында жайгашкан сырты таш менен курчалган 30 сотых жерге эккен жүгөрүсүнүн арасынан да атайын өстүрүлгөн жалпы салмагы 31 киллограммды түзгөн кара куурай өсүмдүгү табылды. Күбөлөрдүн катышуусунда өсүмдүк тамырлары менен жулунуп алынды. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексиндеги 250-берененин (Баңги заттарын камтыган өсүмдүктөрдү айдоо жана өстүрүү) негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Соттук-химиялык экспертиза да дайындалып, кара куурай атайын өстүрүлгөнү тастыкталган. Тургун убактылуу кармоочу жайга киргизилди», - деп айтылат маалыматта.

Жүгөрүнүн арасында өстүрүлгөн кара куурайды аныктоого Өзгөрүш аймактык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлеринин салымы бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×