Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-январь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 20.08.2018 14:34 На русском

Россиядагы футбол талаада каза болгон 22 жаштагы жигит Токтогулда жерге берилди

Turmush -  Красногорск шаарынын Нахабино районундагы футбол талаада Кыргызстан менен Тажикстандын жарандарынын ортосундагы мушташ бир адамдын өлүмү менен аяктады. Маркум 22 жаштагы кыргызстандык жаран экени аныкталган. Бул тууралуу Москвадагы кыргыз диаспорасынын өкүлү Улан Кошматов кабарчыга билдирди.

Окуя 14-август күнү болгон. Айрым маалыматтар боюнча ал жерде 2 гана кыргызстандык жаран болуп, пикир келишпестиктен улам чыккан чырда тажикстандык жарандар куралдан ок чыгарган. Анын кесепетинен Жалал-Абаддагы Токтогул районунда 1996-жылы туулган Ш.Жакыпбек оор жаракат алып каза болду. Бул иш боюнча Красногорск шаардык тергөө комитети кылмыш иш козгоп, күнөөлүү тарап кармалган жана тергөө иштери жүрүп жатат.

Москвадагы «Токтогул» коому жана Москвадагы кыргызстандыктар каражат топтоп, маркумдун денеси 17-август күнү Москва—Бишкек каттамы менен Кыргызстанга жеткирилген. Аны туугандары тосуп алып, Токтогул районунда жерге беришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×