Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-январь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 07.08.2018 14:38

Токтогулда участкалык милиционерлерге үй салуу маселеси көтөрүлдү (фото)

Turmush -  Токтогул районунун эң алыскы айылдарында «Тартип» аталыштагы рейд жүргүзүлдү. Бул тууралуу РИИБдин башчысы, милициянын полковниги Замир Ормонов билдирди.

Анын айтымында, Токтогул районунун эң алыскы айыл аймактары болгон Толук жана Сары-Камыш айыл өкмөттөрүндөгү айылдарда өздүк курамдын күчү менен «Тартип» аталыштагы рейд уюштурулду. Токтогул РИИБдин жетекчиси жеринде жарандар менен жолугуп, ИИБге тийиштүү маселелерди карады.

«Рейд учурунда министрдин тапшырмасынын негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу бийлигинин өкүлдөрү айыл элинин активдери менен жолугушуп, участкалык милиция кызматкерине бөлмө жана жашай турган үй куруу маселеси каралып, сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

Ошондой эле кылмыштуулукту алдын алуу, мал уурулукка жол бербөө багытында жасалган түшүндүрмөлөр ар бир кожолукка, борбордук дүкөндөргө таратылып, жергиликтүү мал базардагы тактайчалар илинди», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×