Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-январь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 06.08.2018 14:09

Видео — Токтогулдагы жайлоого чагылган түшүп, 41 баш кой-эчки өлдү

Turmush -  Токтогулда жайлоого чагылган түшүп, 41 баш кой-эчки өлдү, деп билдирди ӨКМдин басма сөз кызматы.

Маалыматка караганда, Токтогул районунун Үч-Терек айыл аймагындагы Шылдырак жайлоосунда 3-августта саат 02:30 чамасында чагылган түшүп, анын кесепетинен М.М. аттуу жарандын 41 баш кой-эчкиси өлгөн (35 баш эчки, 6 баш кой). Райондук ветеринардык кызматынан 1 жана айыл аймагынан 2 кызматкер жөнөтүлүп, 5-август күнү кой-эчкилердин тарпы жерге көмүлдү.

Райондук администрациядан маалымдашкандай, чагылгандан улам өлгөн жандыктар адистердин көзөмөлүндө көмүлөт. Акимдин буйругу менен жарандык коргонуу комиссиясы Шырылдак жайлоосуна жөнөп кетти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×