Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-январь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 27.07.2018 13:29 Жаңыланды: 27.07.2018 16:10 На русском

Айыл турмушу: Токтогулдук Б.Батырканов жыгачы курулушка, жалбырагы тоютка, гүлү тамакка колдонулган дарак өстүрүп жатат (фото)

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна караштуу Жаңы-Жол айыл аймагынын тургуну Болот Батырканов павловния дарагын өстүрүп жатат. Өзгөчө даракты өстүрүп жаткан фермер менен аймактык кабарчы таанышты.

Б.Батыркановдун айтымында, бул даракты ал 2016-жылы Кытайдан алдырган.

«Мен бул дарактын ар бир түбүн 300 сомдон алгам. Башында үй шартында өстүрө баштадым. Андан кийин айыл өкмөттөн 2 гектар жерди ижарага алып, айланасын тосуп, башында 500гө жакын көчөттү тиктим. Кийин анын санын көбөйтүп, 1,5 миңден ашык көчөткө жеткирдим.

Өткөн жылы Жалал-Абад айылдык консультациялык кызматы тамчылатып сугаруу системасын киргизип берди. Тамчылатып сугаруу дарактардын өсүүсүнө чоң таасир берди. Бул даракка ашыкча нымдуулук дагы болбойт. Павловния дарагынын башка дарактардан айырмасы тез жетилип, ийилчээк болсо дагы сынбаганында.

Ошондой эле жалбырагын малга тоют катары колдонсо болот. Ал эми жыгачын курулушка кеңири колдонсо болот. Болжол менен анын бир кубу 25 миң сомго чейин бааланат. Аны өнүккөн өлкөлөрдө кайык жасоо, музыкалык аспаптарды, үй эмеректерин, жалюзи жана башка көптөгөн буюмдарды жасоо үчүн колдонушат. Мындан сырткары отун катары колдонсо көмүр сыяктуу табы күчтүү болуп, жылуулукту жакшы сактайт. Европада аны отун катары колдонушат, себеби от жаккан учурда зыяндуу жыттар же болбосо түтүнү чыкпайт», - деди элеттик фермер.

Б.Батырканов белгилегендей, павловниянын жыпар жыттуу, бажырайган чоң гүлдөрү шекер ширесине бай келет.

«Алардан алынган бал тунук, ачык түстүү жана жыттуу болот. Мындай балдын дарылык касиеттери көп, өзгөчө өпкө, ашказан ооруларына пайдалуу. Павловнияны өстүрүү кыйын деле эмес, ал жер тандабаган өсүмдүктөрдүн катарына кирет. Мен бул даракты өстүрүү боюнча Бишкек шаарындагы адистерден багыт алдым.

Бул дарактын өсүшүнө кызыккандар абдан көп болууда. Буюрса өстүрүп, дагы көбөйтүүнү пландап жатабыз. Бул даракты өстүрүп алсак келечекте экономикалык киреше табууга чоң мүмкүнчүлүк бар. Бул павловния дарагынын плантациялары Россия, Өзбекстан мамлекеттеринде ири көлөмдө өстүрүүнү акыркы мезгилде активдүү колго алып келүүдө. Биз дагы буюрса аракеттерди көрүшүбүз керек деп эсептейм», - деди ал.

Б.Батырканов кесиби боюнча музыкант. Ал павловния дарагын өстүрүү менен алектенүүдөн тышкары улуттук музыкалык аспаптарды жасайт. Ал ооз комуз, чопо чоор, сыбызгы, ышкырык, үйлөмө аспаптардын ар кандай түрлөрүн жасап, жакшы баага сатып жатканын кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×