Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-май
Жалал-Абад

Токтогулда эки айыл аймактын эли жетекчилерден көйгөйлүү маселелерди чечип берүүнү өтүнүштү

Turmush -  Кечээ, 4-февралда Токтогул районунун Кетмен-Дөбө, Чолпон-Ата айыл аймактарында элдик жыйын болду. Бул тууралуу акимиаттан билдиришти.

Маалыматка караганда, жыйынга аким, тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты. Анда Чолпон-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы Анарбек Мамбетовдун, Кетмен-Дөбө айыл өкмөт башчысы Ильяз Чороевдин 2017-жыл ичинде аткарган иштери маалымдалды. Андан сырткары, участкалык милиция кызматкерлери да жыл ичинде аткарган иштери жөнүндө маалымат беришти.

Айыл эли таза суу, сугат суу жана жайыт маселелери сыяктуу көйгөйлүү маселелерди айтышып, жыйынга барган жетекчилерге суроо беришти.

Өткөн жылы дем берүүчү гранттын эсебинен Чоң-Арык айылындагы таза суу түтүктөрү оңдолгону маалым болду. Бул иш-чара 2018-жылдын март-апрель айларында бүткөрүлөт.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 680
Көп окулду
×