Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-февраль
Жалал-Абад

Чычкан суусуна кулаган май ташуучу унаа: Токтогулда балыктар массалык түрдө кырылып жатат (толукталды)

Turmush -  Токтогул районунда балык чарбадагы балыктар массалык түрдө кырылып жатат. Бул маалыматты райондун акими Майорбек Сатымкулов тастыктап, учурда анын себептерин аныктоо боюнча териштирүү иштери жүрүп жатканын белгиледи.

«Токтогул районунун Жаңы-Жол айылында жеке ишкер Аманжан Бирбиевдин балык чарбасындагы балыктар массалык түрдө өлүп жатат. Балыктардын өлүүсүнө 21-январда Чычкан капчыгайында Ош—Бишкек жолунун 264-чакырымында болгон кырсык себеп болуп жатат. Май ташыган унаа сууга кулап, балыктарга зыянын тийгизген. Бүгүнкү күндө райондогу тиешелүү кызматтар менен биргеликте териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат. Балык чарбасына келтирилген зыян юридикалык жактан каралып чыгат. Мындан сырткары кулаган унаанын ээси комиссиянын чечиминин негизинде районго чакыртылып жатат», - деди райондун башчысы.

Маалым болгондой, учурда 7 тоннага жакын балык кырылганы айтылууда.

Буга чейин маалымдалгандай, 21-январда саат 23:00 чамасында Ош—Бишкек жолунун 264-чакырымында май ташуучу унаа сууга кулап, 1 адам каза болгон (айдоочу) жана 2 адам ооруканага жеткирилген.

Ош—Бишкек жолунда Чычкан капчыгайына түшүп кеткен май ташуучу унаанын айдоочусу эмес, анын 1986-жылы туулган А.Н., аттуу жардамчысы каза болгон. Унаа Бишкек шаарынан Жалал-Абад шаары көздөй келе жаткан.

Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн алынган маалыматка караганда, алдын-ала божомолдоолорго караганда оор жүк ташуучу унаа чукул бурулуштан катуу ылдамдыкта бурулуп, жүк унааны сайды көздөй тартып кеткен. Бул боюнча автотехникалык экспертиза дайындалып, териштирүү иши жүрүп жатат. Кырсык орун алган жерде жол белгилери орнотулган болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 6852
Комментарии
Обсуждения закрыты
Нет аватара
cristofer82
13:53, 22 января 2018
пиши, не пиши - это будет происходить как обыденная вещь и никто никакого наказания не понесёт, народ в заботе тем, как бы семью содержать, и ему наплевать, что упал бензовоз, потому, что знает, что владелец не обеднеет от этого и что не заработана она вся честным трудом (и бензовоз и содержимое), и что именно бензовозы главные разрушители автодорог страны. П.С. думается, чтоб были сделаны какие-то оргвыводы, надо чтоб упал штук так 40-50 бензовозов, чтоб спохватились владельцы-казнокрады, про смертельные случаи вообще молчу
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×