Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-февраль
Жалал-Абад

Фото - 38 тонна бензин ташып бара жаткан унаа Чычкан суусуна кулап, айдоочу каза болду

Turmush -  Чычкан суусуна кулаган күйүүчү май ташыган унаанын айдоочусу каза болуп, 2 адам жаракат алды. ӨКМдин билдирүүсү боюнча, кырсык 20-январда саат 23:15 чамасында Бишкек—Ош унаа жолунун 264-чакырымында (Чычкан капчыгайы) болгон.

Куткаруучулар денени унаадан алып чыгып, жабыркагандар ооруканага жаткырылса, маркумдун денеси аймактык оорукананын өлүк сактоочу жайына өткөрүлдү.

Тактоо иштери улантылып, куткаруучулар кечээ, 21-январда саат 11:05 чамасында айдоочуга тиешелүү документтерди чогултуп, прокуратура кызматкерлерине тапшырып беришкен.

Болжолдуу маалыматтар боюнча унаада 38 тонна бензин болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2703
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×