Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 17.01.2018 13:23 На русском

Нике кыйылган эмес: Токтогулда турмушка чыгып кетти делген окуучу кыз сабакка келе баштады

Turmush -  Токтогул шаарында турмушка чыгып кетти делген Д.Турдумамбетов атындагы орто мектептин 9-классынын окуучусу мугалимдердин кийлигишүүсү менен түшүндүрүү иштеринин натыйжасында кайрадан сабакка келип баштады. Бул тууралуу мектептин директору А.Турдумамбетова билдирди.

Анын айтымында, бул боюнча мугалимдер кыздын үйүнө барып, апасына жолугушкан.

«Окуучу кыз 11-январда окуу башталганда сабакка келген эмес. Кыздын турмушка чыгып кеткендиги тууралуу ар түрдүү кептер айтылгандыктан мугалимдер кыздын үйүнө барышкан. Апасы кызы өз каалоосу менен турмушка чыккандыгы боюнча түшүнүк кат жазып берген. Анын негизинде биз райондук билим берүү башкармалыгына маалымат бергенбиз. Ал эми кыз отуруп калган үйгө мугалимдер барып келишти. Мугалимдер түшүндүрүү ишин жүргүзүшүп, нике кыйыла электе кызды кайра алып келишти. Баланын ата-энеси да түшүнүктүү адамдар экен, бул жагдайды туура кабыл алышты. Кызга нике кыйылган эмес. Окуучу кыз эки күндөн бери сабакка келе баштады», - деди аталган мептептин директору.

Буга чейин Токтогул шаарындагы Т.Ормонбеков атындагы орто мектебинин 8-классынын, Д.Турдумамбетов атындагы мектептин 9-классынын окуучусу турмушка чыгып кеткендиги боюнча социалдык тармакка маалымат тараган.

Токтогул райондук билим берүү башкармалыгы Д.Турдумамбетов атындагы орто мектептин 9-классынын окуучусу турмуш курганын тастыктаган. Ал эми 8-класстын окуучусу боюнча тактоо иши жүрүп жатканы белгиленген болчу. Кийинчерээк ал ооруп жаткандыктан мектепке барбаганы айтылган.

Аталган мектепте 300гө жакын окуучу билим алат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×