Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-май
Жалал-Абад

Эл ичи — өнөр кенчи: Шымым айрылганын байкабай сахнага чыгып алыптырмын, - токтогулдук жаш ырчы Ж.Жолдошбеков (фото)

Turmush -  Токтогул районунун 19 жаштагы тургуну Жоодарбек Жолдошбеков музыкалык талантын таптап жатат. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, комуз, аккордеон менен ырдайт. Үй-бүлөсү да чыгармачылыкка кызыккан адамдар. Учурда Б.Бейшеналиева атындагы искусство университетинде 1-курстун студенти. 2014-жылдан баштап тойлордо ырдап келет.

«9-классымда Токтогул районунда өткөн сынакка катышып, «Мыкты ырчы» аталгам. Бишкек шаарында 2017-жылы өткөн «Ырдын пири Рыспай» аттуу сынакка катыштым. Андан кийин «Алтын үн» кастингине катышып, 3-орунду ээлегем.

Бир жолу Токтогулда концертте сахнага чыгып, отургучка отуруп алып аккордеон менен ырдап жаткан элем. Көрүүчүлөрдүн баары күлүп, камерага да тартып жатышкан. Концерт бүткөн соң тамакка кирип калдык. Тамактанып жатып шымымдын аласын карасам айрык экен. Аны байкабай сахнага чыгып алыптырмын. Чыгармачылыкта күлкүлүү учурлар көп эле болот», - деди ал.

Жаш ырчы үй-бүлөдө 3 бир тууган.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1199
×