Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-май
Жалал-Абад

Токтогулдагы мектептин 8-класстагы окуучусу турмушка чыккан эмес, - директор

Turmush -  Токтогул шаарындагы Т.Ормонбеков атындагы орто мектебинин 8-классынын окуучусу турмушка чыгып кеткендиги боюнча социалдык тармакка жайылган маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу аталган мектептин директору А.Тентиева билдирди.

Анын айтымында, турмушка чыгып кеткен деп айтылып жаткан кыз былтыркы жылдын 11-ноябрында Д.Турдумамбетов атындагы орто мектептен которулуп келип, 11-декабрга чейин сабагын калтырган эмес. Андан кийин окуучу кыз саламаттыгына байланыштуу сабакка катышкан эмес.

«Сабакка эки күн келбей калгандан кийин класс жетекчиси үйүнө барып, кыздын ооруп жатканын көргөн. Ал 29-декабрга чейин дарылангандыгы тууралуу медициналык тактама да алып келген. Чындыгында кыз ооруп, сабакка келе алган эмес. Окуу башталган учурда да келген жок. Кечээ өзүм да үйүнө барып келдим, кыз бутун оорутуп алып, келе албай жаткан экен. Ал эч кандай турмушка чыккан эмес», - деди директор.

Учурда Т.Ормонбеков атындагы мектеп лицейде жалпысынан 320 окуучу билим алат.

Буга чейин Токтогул шаарындагы Т.Ормонбеков атындагы орто мектебинин 8-классынын, Д.Турдумамбетов атындагы мектептин 9-классынын окуучусу турмушка чыгып кеткендиги боюнча социалдык тармакка маалымат тараган.

Токтогул райондук билим берүү башкармалыгы Д.Турдумамбетов атындагы орто мектептин 9-классынын окуучусу турмуш курганын тастыктаган. Ал эми 8-класстын окуучусу боюнча тактоо иши жүрүп жатканы белгиленген болчу.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1563
×