Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-май
Жалал-Абад

Ош—Бишкек жолундагы кырсыктан айдоочу, атасы жана жубайы каза болду (фото)

Turmush -  Ош—Бишкек унаа жолунун 253-чакырымындагы кырсыктан каза болгон 4 адамдын үчөө бир үй-бүлөнүн мүчөсү болушкан. Буга чейин маалымдалгандай, оор жүк ташуучу унаа менен «Опель Зафира» үлгүсүндөгү унаа 13-январда саат 14:10 чамасында кагышкан эле.

Аймактык кабарчы тактаган маалымат боюнча, маркумдардын бири «Опель Зафира» унаасын башкарып бара жаткан. Айдоочу, анын атасы менен жубайы окуя болгон жерде көз жумуп, жубайлардын 7 жаштагы кызы оор абалда ооруканага жеткирилген. Анын абалы туруктуу оор деп бааланып жатат.

Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан алынган маалыматка караганда, кырсык болгон жерде жол белгилери турат. Чукул бурулушту эскерткен белги болсо да жол эрежеси сакталган эмес.

«Жеңил унаа биринчи бардерди сүзүп, андан кийин капталы менен өз жолунда келе жаткан оор жүк ташуучу унааны сүзгөн. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 7 орундуу унаада Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Кулунду айылынын тургундары бара жаткан. Ал унаадагы 7 адамдын төртөө каза болсо, үчөө ооруканага жеткирилди.

Көз жумган жарандар:

- 1951-жылы туулган Т.Конур;

- 1980 -жылы туулган Т.Абдыманап;

- 1991-жылы туулган А.Эшмурза;

- 1987-жылы туулган Ж.Мадина.

Учурда тактоо иштери улантылып жатат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 5300
Көп окулду
×