Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-январь
69.34    85.18    1.23    KZT 0.21
Жалал-Абад

Фото - Бишкек—Ош жолундагы кырсыктан каза болгон майордун балдарына кесиптештери жардам берди

Turmush -  Бишкек—Ош унаа жолундагы кырсыктын кесепетинен каза болгон милиция кызматкеринин артында калган балдарына кесиптештери жардам көрсөтүштү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кырсык 2017-жылдын 16-декабрында Бишкек—Ош унаа жолунун 299-чакырымында, тактап айтканда Токтогул районунун Торкен айылында катталган. Анын кесепетинен 7 адам каза болгон. Ошондой эле, Токтогул РИИБде кызмат өтөп, милициянын ага аймактык ыйгарымдуу өкүлү болуп иштеп жаткан милициянын майору Түгөлбай уулу Нургазы, анын жубайы, кызы жана бешиктеги баласы да көз жумган.

Катардагы мыкты кызматкеринен айрылган облустун милиция кызматкерлери анын артында калган балдарына жана жакындарына жардам көрсөтүү боюнча демилге көтөрүлгөн.

Жалал-Абад ОИИБдин башчысы, милициянын полковниги Акылбек Мамасейитов жана анын орун басарлары, Токтогул РИИБдин башчысы менен биргеликте каза болгон кесиптешинин үйүнө барышып, ага багыштап куран окутушту.

«Түгөлбай уулу Нургазы кадыр-баркка ээ болгон, өз ишин мыкты билген кызматкер эле. Бир катар сыйлыктарга, дипломдорго татыган. Анын артында кыздары Айпери, Мээрим, Сайкал жана уулу Элмырза калды. Облустук ички иштер кызматкерлери дайыма аларга колдоо көрсөтүп, жанында болушат. ОИИБдин өздүк курамы 205 миң 600 сом акчалай жардам көрсөтүп, аны маркумдун атасына тапшырды. Ал эми Токтогул РИИБдин өздүк курамы 71 миң сом акчалай жардам көрсөттү», - деп айтылат маалыматта.

ОИИБдин башчысы милиция кызматкеринин балдарына, жакындарына жардам көрсөтүп турарын айтып, убада берди.

Түгөлбай уулу Нургазы 1980-жылы туулган, 6 баланын атасы. Токтогул РИИБдин милициянын ага аймактык ыйгарым өкүлү, милициянын майору ички иштер органдарында 2003-жылдан бери иштеп келген.

Буга чейин Бишкек—Ош жолундагы кырсыктан 7 адам каза болуп, 3 адам жабыркаганы маалымдалган.

ОИИБдин маалыматына караганда, кырсык 16-декабрда саат 19:00дөр чамасында Бишкек—Ош унаа жолунун 299-чакырымында, тактап айтканда Токтогул районунун Торкен айылында катталган. Анда Бишкек багыты көздөй бара жаткан «Хендай Клик» үлгүсүндөгү (мамлекеттик номуру Д 9694 Е) унаа карама-каршы багытта келе жаткан «Хонда Степвагон» үлгүсүндөгү (мамлекеттик номуру 01KG704ААS) унаа менен кагышкан.

«Хендай Клик» унаасын Токтогул РИИБдин ыйгарым өкүлү, милициянын майору, 1980-жылы туулган Түгөлбай уулу Нургазы башкарып бара жаткан. Ал эми «Хонда Степвагон» унаасын Аксы районунун Кызыл-Туу айылынын 1975-жылы туулган тургуну Артыков Кубанычбек Нурматович айдап келе жаткан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 932
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×