Бөлүмдөр
Ишемби, 21-апрель
Жалал-Абад

Фото - Франциялык спортчулар Токтогулдун жигиттери менен хорсбол ойношот

Turmush -  Токтогул районунда Франциядан келген спортчулар менен токтогулдуктардын ортосунда ат үстүндө баскетбол ойноо же хорсбол боюнча ачык чемпионат өткөрүлөт.

Уюштуруучулардын айтымында, чемпионат райондогу Жаңы-Жол айылында ушул жылдын 25-январында өткөрүлөт. Бул мелдешке учурда райондон 5 команда даярданып жатат. Оюнда жеңүүчү аталган команда Франциядан келген спортчулар менен жолдоштук мелдешке катышат.

Чемпионат Орто Азия боюнча хорсбол федерациясынын президенти Мунарбек Кулданбаевдин уюштуруусунда өтөт. Жеңүүчүлөргө кызыктыруучу сыйлыктар берилет.

Уюштуруучулар хорсбол оюну боюнча мелдеш райондо экинчи жолу өтүп жатканын белгилешти.

Буга чейин Мунарбек Кулданбаев бул оюн Европа өлкөлөрүндө кеңири жайылгандыгын жана ал хорсбол ойноону француздардан үйрөнгөндүгүн айтып берген.

«Туризм тармагында иштегендиктен бул оюнду француздардан үйрөндүм. Биз бул ат оюнун Кыргызстанга жайылтуу боюнча аракеттерди көрүп жатабыз. Хорсбол негизинен кыргыздын көк бөрү, тыйын эңмей жана кадимки баскетбол оюндарына окшоп кетет. Бул оюндун башка оюндардай эле өзүнүн эрежелери бар. Көк бөрү оюнундай эле буга дагы атайын талаа керек. Талаага кадимки баскетболдун торуна окшогон топ салуучу казына орнотулат. Атчандардан түзүлгөн 2 команда атты чаап бара жатып, баскетбол оюнундай топту казынага салуу керек. Бул оюн команда менен иштөөнү жана ыкчам кыймылды талап кылат.

Ал эми чабандестер жерге түшкөн топту ыкчам эңип алуу менен топ салуучу казынага жеткиче бири-бирине пас берип алып барууга аракет кылышат. Ошол эле учурда 2-команданын чабандестери топту казынага салууга тоскоолдук кылуу менен алардан топту талашып, топту казынага салдырбаганга аракет кылышат. Оюн ушинтип жүрүп отуруп, белгиленген убакытта ким казынага көп топ салганы эсептелип, жеңүүчүлөр аныкталат.

Учурда биздин райондо 4 команда түзүлүп, оюндарды маал-маалы менен уюштуруп жатышат. Бизде европадагыдай ат кармоо түйшүгү жокко эсе. Учурда айыл жеринде ар бир 2-үйдө ат багышат. Андан дагы улуттук ат оюндардан көк бөрү оюну өнүгүп жаткан учур. Бул оюнга убакыт дагы тапса болот. Эч кандай кыйынчылык деле жок. Болгону команда түзүп, оюндун эрежелери менен таанышып, үйрөнүп оюнга катышып турушса болот», - дейт ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1441
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×