Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 05.01.2018 09:32

Айыл турмушу: Муз тебүүчү аянтча ачкан токтогулдук С.Момуналиев хоккей клубун түзүүнү пландоодо (фото)

Turmush -  Токтогул шаарында муз тебүүчү аянтча ачылды, деп билдирди аймактык кабарчы. Муз тебүүчү аянтча ачууга үч жылдан бери белсенип жаткан Сардарбек Момуналиевдин тилеги орундалып, аянтчаны 3 күндөн бери иштетип баштады.

Өзүнүн айтымында, ал Түркияга барганда коньки тебе албай, Токтогул шаарына муз аянтчасын ачууга өзүнө убада берген.

«Түркияда жүргөндө коньки тебе албай койгом. Кийин балам да тебе албай калбасын, шаарыбызда да өнүгүү болсун деген максатта аракетимди баштагам. 2,5 миң долларга 70 даана коньки алдырдым, Токтогул шаардык мэриядан ижарага жер алып, электр жарыгы жеткирилди. 31-декабрга карата ачам деген ниетим бар эле, ал күнгө жетишпей калдым. Баары майрам тосуп жүргөндө мен аянтчага суу коё берип, аянтчаны жасап жүрдүм. 2018-жылдын 1-январында ачылышы болду. 5 жаштан баштап 60 жашка чейинки жарандар келүүдө. Максатым — хоккей клубун түзүп, Кыргызстандын хоккейчилерине өнөктөш болуу», - дейт ал.

Анын айтуусунда, аянтча ачуу үчүн каражат табуу оңойго турган жок. Бир туугандары менен бирге картошка эгип, тапкан кирешесин жумшаган. Учурда муз тебүү үчүн конькилер чоңдорго саатына 100 сомдон, жаш балдарга 50 сомдон ижарага берилет.


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×