Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-январь
69.34    85.18    1.23    KZT 0.21
Жалал-Абад

Токтогулда стационардык пост жабылып, унаалар токтоп турат

Turmush -  Бишкек—Ош унаа жолунун 271-чакырымында бүгүн, 27-декабрда жол жабылып, азырынча ачыла элек. Бул маалыматты облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү тастыктады.

Маалыматка караганда, Токтогул районундагы стационардык пост саат 09:00 чамасында жабылып, унаалар токтоп турат.

«Төө-Ашууда аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу жол убактылуу жабылды. Жүргүнчүлөрдү зарыл жумушу болбосо жолго чыкпай турууга, унаалардын жолдо жүрүүдөгү аралыктарын сактоого чакырабыз», - деп билдиришти облустук бөлүмдөн.

ӨКМдин Жалал-Абад облустук башкармалыгынан алынган маалыматка караганда, бүгүн таңкы саат 04:30 чамасында Ош—Бишкек жолунун 247-чакырымында кар көчкү түшүп, саат 07:00 чамасына чейин тазаланып ачылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1443
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×