Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-январь
69.34    85.18    1.23    KZT 0.21
Жалал-Абад

Токтогулда акимдин балаты майрамына 100 окуучу музейге чакырылды (фото)

Turmush -  Токтогул районунун Чолпон-Ата айыл өкмөтүндөгү Т.Сатылганов атындагы музейде акимдин жаңы жылдык балаты майрамы өткөрүлдү, деп билдиришти акимиаттан.

Маалыматка караганда, иш-чарага райондогу 42 мектептен жалпы 100 окуучу чакырылган. Майрамдын жүрүшүндө аким М.Сатымкулов, Чолпон-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мамбетов, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Д.Сулпукарова балдарга куттуктоо сөздөрүн айтышып, акимдин резервдик фондунун эсебинен даярдалган белектер тапшырылды. Ошондой эле, райондук маданият үйүнүн кызматкерлеринин, С.Нурманбетов атындагы орто мектебинин окуучуларынын концерттик программасы тартууланды. Салтанат окуучуларга сый тамак берүү менен аяктады.

Мындан тышкары, окуучулар музейдеги тарыхый экспонаттар менен таанышып чыгышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1428
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×