Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 21.12.2017 13:35

Жаш талант: 39 медалдын ээси — мушкер Шабдан Казакстандын «Жылдын мыкты спортчусу» наамын алды (фото)

Turmush -  16 жаштагы мушкер Замирбек уулу Шабдан 7-классынан тартып спорт менен машыгып келет. Ал аз убакыттын ичинде 22 алтын, 9 күмүш жана 8 коло медалдын ээси болууга жетишти. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Шабдан ушул эле жылдын 7-декабрынан 10-декабрына чейин ѳткѳн Казакстандагы мелдеште «Жылдын мыкты спортчусу» наамын жеңип алды.

«Ушул жылдын 7-декабрынан 10-декабрына чейин Казакстандын Шымкент шаарында жит кун-до боюнча эл аралык мелдеш болуп ѳттү. Ага 28 спортчу катышып, алардын ичинен 1-орунду багындыруу менен бирге «Жылдын мыкты спортчусу» наамын жеңип алдым», - деди ал.

Шабдан башында апасынын каршы чыкканына карабай тай боксу менен машыгып баштаган.

«Биздин мектепке тай боксу боюнча курс ачылып калды. Спорттун бул түрү мага жагып, машыгып баштадым. Алгач өзүмдүн курдаштарым менен беттешип, токмок жеп калчумун. Мындан улам апам машыгууга каршы чыкты. Анын каршы чыкканына карабай көгөрүп машыктым. Ошентип тырышып отуруп чоң мелдештерге чыктым. Кээде утулуп калсам, кээде 3-орунду алып келчүмүн. 2014-жылдан тартып спортто биринчи ийгиликтерди жаратып баштадым.

Аракет кылсаң берекет дегендей, үзүрлүү эмгек менен ийгиликтерге жетишип жатабыз. Албетте, башында көп кыйынчылыктар болот, ага чыдаш керек. Азыр менде 22 алтын, 9 күмүш жана 8 коло медаль бар», - деди жаш спортчу.

Шабдан 2015-жылы тай боксу боюнча өспүрүмдөр арасында өткөн дүйнөлүк чемпионатта 2-орунду, Кемин районунда Апас Сатаевдин жаркын элесине арналган мелдеште 1-орунду багындырган. Ошондой эле, бирма боксу, кикбоксинг, муай тай боксу боюнча Борбор Азияда жана Кыргызстанда өспүрүмдөр арасында өткөрүлгөн көптөгөн мелдештерге чыгып, алдыңкы орундарды ээлеген. Жаш спортчунун дүйнөлүк олимпиадаларга катышып, биринчиликти багындырсам деген аруу тилектери да бар.

«Мушкер таякем бар. Бөлө карындаштарым тай бокска кызыгышат. Алар чоңойгондо сиздей спортчу болобуз дешет. Атам Россияга иштегени кеткен. Апам менин тандоомду түшүнүп, колдоп турат», - деди мушкер.

Замирбек уулу Шабдан Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районунда 2000-жылы төрөлгөн. Бишкектеги №69 мектеп-гимназияда 9-класска чейин билим алып, учурда архитектура жана курулуш колледжинде билим алып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×