Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 20.12.2017 08:40 Жаңыланды: 20.12.2017 18:38 На русском

7 адамдын өмүрүн алган кырсык: Жубайы, 2 уулу менен каза болгон майордун артында 4 бала калды (фото, видео)

Turmush -  Ош—Бишкек жолундагы кырсыктан жубайы жана эки баласы менен бирге көз жумган милициянын майору Түгөлбөй уулу Нургазынын артында 3 кызы, 1 уулу калды. Түгөйлөрдү кесиптештери кадыр-баркка ээ болгон, берилген жумушту жоопкерчилик менен аткарган адам катары эскерип жатышат.

А 9

Түгөлбай уулу Нургазы 1980-жылы 8-январда Токтогулда жарык дүйнөгө келген. Айылдагы мектепти аяктагандан кийин Ош шаарындагы техникалык университетти 2002-жылы бүтүргөн. Дипломго ээ болгон кызматкер 2003-жылдан тарта Токтогул районунун ички иштер бөлүмүнүн өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын аймактык тескөөчүсү болуп эмгек жолун баштаган. 2007-жылдын 30-августунан 2009-жылдын 25-мартына чейин Токтогул РИИБдин Үч-Терек айылдык милиция бөлүмүнүн өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын аймактык тескөөчүсү болгон.

2009-жылдын 24-майынан 2012-жылдын 19-мартына чейин Токтогул РИИБдин аймактык тескөөчүсү болуп эмгектенген. 2012-жылдан бери Токтогул РИИБдин коомдук коопсуздук кызматынын ыйгарымдуу өкүлү болуп эмгектенип жаткан.

Кесиптештеринин эскерүүлөрүнө караганда, Нургазы ички иштер бөлүмүндө кызмат өтөп жүргөн мезгилде өз ишине тактыгы, өзүнүн уюштуруучулук жөндөмдүүлүгү, тыкандыгы менен айырмаланчу. Ал коомдук тартипти сактоодо, кылмыштуулук менен күрөшүүдө өзүнүн үзүрлүү салымын кошуп келген. Адамдар менен сылык мамиледе болуп, улууну урматтап, кичүүнү ызаттай билчү. Атуулдардын түшкөн арыз-даттанууларды да өз убагында карап, учурунда жооп берчү. ИИМдин, ОИИБдин буйруктарын, жетекчилер берген тапшырмаларды өз убагында аткара билген, өздүк курам арасында кадыр-баркка ээ болгон үлгүлүү кызматкер эле.

Нургазынын жубайы Жетигенова Эленора да 1980-жылы жарык дүйнөгө келип, Ош шаарындагы Ош техникалык университетин аяктаган. 2011-жылдан бери Токтогул шаарындагы № 5 Д.Турдумамбетов атындагы орто мектебинде физика жана информатика мугалими болуп иштеп жаткан. 2016-жылдан бери декреттик өргүүгө байланыштуу үйдө балдары менен болчу. 2018-жылдын январь айынан баштап жумушка чыгууну пландап жаткан.

Аталган мектептин мугалими Күзөркан Маматхунованын айтымында, Э.Жетигенова мугалимдердин арасында адамгерчиликтүү, өз ишин чыгармачылык менен аткарган эмгекчил, кесибин сүйгөн, окуучулардын сүйүктүү мугалими эле. 2014-жылы мектептин атынан «Жылдын мыкты мугалими» сынагынын райондук туруна катышкан.

«Коомдук иштерге активдүү катышканына байланыштуу мэриянын жана райондук билим берүү бөлүмүнүн сыйлыктарына ээ болгон. Мындан сырткары аялдарга тиешелүү кол өнөрчүлүк менен алектенгендиктен Эленораны "чебер куракчы, иштерман аял" деп коюшчу. Балдарды өзгөчө сүйүп тарбия берген мугалимибизден айрылып калдык», - деди кесиптеши.

7 адамдын өмүрүн кыйган кырсык 16-декабрда саат 19:00 чамасында Бишкек—Ош унаа жолунун 299-чакырымында, тактап айтканда Токтогул районунун Торкен айылында катталган. Бишкекти көздөй бара жаткан «Хендай Клик» үлгүсүндөгү (мамлекеттик номуру Д 9694 Е) унаа каршы багытта бара жаткан «Хонда Степвагон» үлгүсүндөгү (мамлекеттик номуру 01KG704ААS) унаа менен кагышкан.

«Хендай Клик» унаасын милициянын майору Түгөлбай уулу Нургазы башкарып бара жаткан. Ал эми «Хонда Степвагон» унаасынын рулунда Аксы районунун Кызыл-Туу айылынын 1975-жылы туулган тургуну Артыков Кубанычбек Нурматович болгон. Кырсыктын кесепетинен 7 адам каза болуп, 3 адам ооруканага түштү.

Окуя болгон жерде каза болгондор:

- «Хендай Клик» унаасынын айдоочусу Түгөлбай уулу Нургазы, анын 2005-жылы туулган кызы Түгөлбаева Мырзагүл Нургазиевна, 2017-жылы туулган уулу Түгөлбаев Бекмырза Нургазиевич;

- «Хонда Степвагон» унаасынын айдоочусу — Артыков Кубанычбек Нурматович, жүргүнчүсү — Аксы районунун Кызыл-Туу айылынын 1966-жылы туулган тургуну Дилдеев Касымкожо;

Ал эми «Хендай Клик» унаасынын жүргүнчүлөрү — Токтогул шаарынын 1963-жылы туулган тургуну Б.Сыдыкова (Түгөлбай уулу Нургазынын агасынын жубайы) жана 1980-жылы туулган тургуну Жетигенова Эленора Сманкановна (Түгөлбай уулу Нургазынын жубайы) алган жаракаттардан улам Токтогул аймактык оорукананын кайра жандандыруу бөлүмүнө жеткирилгенден кийин каза болушкан.

Жабыркагандар:

«Хонда Степвагон» унаасынын жүргүнчүлөрү — Аксы районунун Жылгын айылынын 1994-жылы туулган тургуну Э. кызы А.;

- Аксынын Кызыл-Туу айылынын 1985-жылы туулган тургуну К.С.;

- Аксынын Кызыл-Туу айылынын 1979-жылы туулган тургуну Э.М.

Алар Токтогул аймактык оорукананын кайра жандандыруу бөлүмүнө түшкөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×