Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-январь
69.34    85.18    1.23    KZT 0.21
Жалал-Абад

Бишкек—Ош жолунда 7 адам каза болгон жол кырсык: Милициянын мойору, аялы жана 2 баласы көз жумду (фото, тизме)

Turmush -  Бишкек—Ош унаа жолундагы кырсыктын кесепетинен 7 адам каза болуп, 3 адам ооруканага жаткырылды.

ОИИБдин маалыматына караганда, кырсык кечээ, 16-декабрда саат 19:00дөр чамасында Бишкек—Ош унаа жолунун 299-чакырымында, тактап айтканда Токтогул районунун Торкен айылында катталган. Анда Бишкек багыты көздөй бара жаткан «Хендай Клик» үлгүсүндөгү (мамлекеттик номуру Д 9694 Е) унаа карама-каршы багытта келе жаткан «Хонда Степвагон» үлгүсүндөгү (мамлекеттик номуру 01KG704ААS) унаа менен кагышкан.

«Хендай Клик» унаасын Токтогул РИИБдин ыйгарым өкүлү, милициянын майору, 1980-жылы туулган Түгөлбай уулу Нургазы башкарып бара жаткан. Ал эми «Хонда Степвагон» унаасын Аксы районунун Кызыл-Туу айылынын 1975-жылы туулган тургуну Артыков Кубанычбек Нурматович айдап келе жаткан.

Кырсыктын кесепетинен жалпы 7 адам каза болуп, 3 адам ооруканага түшкөн. Окуя болгон жерде каза болгондор:

- «Хендай Клик» унаасынын айдоочусу Түгөлбай уулу Нургазы, анын 2005-жылы туулган кызы Түгөлбаева Мырзагүл Нургазиевна, 2017-жылы туулган уулу Түгөлбаев Бекмырза Нургазиевич;

- «Хонда Степвагон» унаасынын айдоочусу - Артыков Кубанычбек Нурматович, жүргүнчүсү - Аксы районунун Кызыл-Туу айылынын 1966-жылы туулган тургуну Дилдеев Касымкожо;

Ал эми «Хендай Клик» унаасынын жүргүнчүлөрү - Токтогул шаарынын 1963-жылы туулган тургуну Б.Сыдыкова жана 1980-жылы туулган тургуну Жетигенова Эльнора Сманкановна (Түгөлбай уулу Нургазынын жубайы) алган жараттарынан улам Токтогул аймактык оорукананын кайра жандандыруу бөлүмүнө жеткирилгенден кийин каза болушкан.

Ошондой эле «Хонда Степвагон» унаасынын жүргүнчүлөрү - Аксы районунун Жылгын айылынын 1994-жылы туулган тургуну Э кызы А, Аксынын Кызыл-Туу айылынын 1985-жылы туулган тургуну К.С, Аксынын Кызыл-Туу айылынын 1979-жылы туулган тургуну Э.М жарат алышып, Токтогул аймактык оорукананын кайра жандандыруу бөлүмүнө түшкөн.

Окуя болгон жерде Жалал-Абад ОИИБдин жетекчилигинин катышуусунда коммисия түзүлүп, Токтогул РИИБдин ыкчам тергөө тобу, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери жумуш алып барышты. Каза болгон атуулдарга соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Учурда жол кырсыгы боюнча кызматтык иликтөө жүрүүдө. Алдын ала маалымат боюнча жол кырсыктын келип чыгышына «Хонда Степвагон» унаасынын айдоочусу каттуу ылдамдыкта карама-каршы жол тилкесине чыккан.

Милиция кызматкери жөнүндө маалымат:

Токтогул шаарынын тургуну Түгөлбай уулу Нургазы 1980-жылы туулган, үй-бүлөлүү, 6 баланын атасы. Токтогул РИИБдин милициянын ага аймактык ыйгарым өкүлү, милициянын майору, Ички иштер органдарында 2003-жылдан бери иштейт.

Тема боюнча:

23.10.2017Фото - Бишкек—Ош жолунда эки унаа кагышты
06.11.2017Фото - Бишкек—Ош жолундагы кырсыктан каза болгон 10 адамдын өздүгү такталды (тизме, толукталды)
06.11.2017Бишкек—Ош жолунда 10 адам каза болгон жыл кырсык: Бүгүн бир тууган 2 жигит жерге берилет
09.11.2017Бишкек—Ош жолунда 2 кырсык: Бүгүн 6 өмүр кыйылды (тизме)
04.12.2017Фото, видео - Бишкек—Ош жолунда 2 объект өрттөнүп, ашпозчу аял денесинен 70% күйүк алды
06.12.2017Бишкек—Ош жолунда тайгаланган «Ниссан» унаасы «Тойота Авенсисти» сүздү
16.12.2017Фото — Бишкек—Ош жолундагы кырсыктан 5 адам каза болду
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 10402
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×