Бөлүмдөр
Ишемби, 21-апрель
Жалал-Абад

Токтогулда малды идентификациялоо иштери жүрүп жатат (фото)

Turmush -  Токтогул районунда бодо малды идентификациялоонун экинчи этабы башталып, иш кызуу жүрүп жатат. Бул тууралуу райондук администрациядан маалымдашты.

Маалыматка караганда, малды идентификациялоонун экинчи этабында 22 миң 200 баш мал эсептелсе, 11-декабрга чейинки аралыкта 5586 баш малга бирка басылды.

«Идентификациялоо иштери жер-жерлерде кызуу жүрүп жатат. Райондо бодо малдын жалпы саны 30005 башка жетип, анын ичинен 14985 баш саан уйга идентификациялоонун биринчи этабында бирка тагылган», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1023
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×